• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Байге фонду 500 миң сом. Кыргыз күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Кыргыз күрөшү боюнча Нооруз майрамына арналган мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдештин жүрүшүндө 75 жана +75 кг чейинки салмакта балбандар күч сынашты. Ошондой эле “Ынтымак” сейил багында финалдык жана күрөш сүйүүчүлөр арасында беттештер өтүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы байге фонду 500 миң сомду түздү: 1-орун 25 миң сом, 2-орун 15 миң сом, 3-орун 10 миң сом.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
75 кг
1-орун Чыңгызхан Сагыналиев (АСМ Бишкек);
2-орун Байбол Саламат уулу (АСМ Бишкек);
3-орун Айболот Аманов (Чүй Беш-Сары);
3-орун Хабибулло Тынчтыкбек уулу ( АСМ Бишкек).
+75 кг
1-орун Бактияр Мирлан уулу (АСМ Чүй);
2-орун Баяман Мыктыбеков (АСМ Бишкек);
3-орун Айбек Касманбетов (Чүй Беш-Сары);
3-орун Чыңгыз Чалабаев (Чүй Беш-Сары).

Эскерте кетсек, беттештер Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий