• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Байсалов: «Мектеп лигасы» жакынкы мезгилде спортту массалык түрдө жайылтууга жаңы негиз түзүшү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.22 /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Мектеп лигасы 2021-2022» турниринин сыйлык тапшыруу аземине катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, таймаштын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын куттуктоодо Эдил Байсалов инсандын сергек жашоо мүнөзүн гана калыптандырбастан, тартибин, эркин жана моралдык-этикалык тарбиясын калыптандыруучу бул сыяктуу спорттук иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин өлкөдө спортко кызыккан адамдардын саны өсүүдө. Спорт – бул жашоо, ошол эле учурда спорт – өлкөнү өнүктүрүүдө өбөлгө түзүүчү күч. Сиздерди КР президентинин жана министрлер кабинетинин атынан бүгүнкү спорт майрамыңыздар менен куттуктайм», - деди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кошумчалагандай, «Мектеп лигасы» долбооруна республиканын бардык аймактарынын окуучулары тартылып, өлкө боюнча 2334 мектептин ичинен 1778 команда түзүлүп, анын ичинде 554 футбол, 960 волейбол жана 264 баскетбол командасы негизделген.

Андан соң таймаштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Биринчи орунду алган командага 500 миң сомдук сертификат тапшырылды. Экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген командалар 200 жана 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий