Бакетаев: Президенттин каалаганы ынтымак. Бөлүнгөн эл өлкөсүнөн айрылышы мүмкүн

Коом 0

Бишек, 19.02.23. /Кабар/. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президент Садыр Жапаровдун мурдагы мамлекет башчыларынын башын бириктирип, алардын ортосундагы тирешти токтотуу аракетин оң баалады. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине кыскача комментарий берди.

“Мурдагы бардык өлкө жетекчилерин бир столго отургузуунун өзү эле чоң иш. Эми бир-биринин көзүнө карап, таарынычтарын айтышып алышсын. Алардын ортосундагы касташуу өлкө эгемендигин жоготууга алыш келиши мүмкүн экендигин түшүнүштү деп үмүттөнөм. Өз ара каршылашуу менен алар Кыргызстанды кооптуу абалга кептеп жатышат. Мындай тирештин аягы жакшылыкка алып келбейт. Ар бир төңкөрүштөн эл гана жапа чегет”, - деди ал.

Саясат таануучу жакынкы тарыхтагы элиталар ортосундагы тирештин кесепетин мисал келтирди.

"Бийлик талаштын айынан украин элиталары бири-бирин ушунчалык алсыраткандыктан, алар толугу менен тышкы таасирге дуушар болушту. Кландар ортосундагы кагылышуу адегенде жарандык согушка, андан кийин аймактарынан кол жууп калышына алып келди.

Садыр Жапаров дал ушундай көрүнүшкө жол бербөөгө умтулуп, элди бириктирүүгө, саясатчылар ортосундагы кастыкты токтотууга бел байлап жатат. Муну аңдабагандарга түшүнбөйм. Жоголугушууга баргандардын ар бири Кыргызстандагы стабилдүүлүк алардан көз каранды экенин түшүнүштү деп үмүттөнөм", - деп жыйынтыктады Бакетаев.

Эске сала кетсек, президенттин маалымат катчы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Садыр Жапаров КРнын мурдагы президенттери менен жолукканын билдирип, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкандыгын кошумчалаган.

Пикир

Оставить комментарий