• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакиевдин үйүнүн ордуна балдарды реабилитациялоо борбору курулду

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна балдар үчүн реабилитациялык борбор курулгандыгын президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев facebook`тагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Эсиңерде болсо Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан мурдагы президент К. Бакиевге таандык имаратты жайында бузуп, ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо айрымдар “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген сыяктуу ушактарды таратышты эле. Биз андай айың кептерге көңүл бурбай, натыйжаны иш жүзүндө көрсөтүп, мына буюрса имарат бүтүп калды. Жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет"', - деп жазган Туманбаев.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров реабилитациялык борборду жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгонун, ал өз убагында аткарылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий