• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Башкы прокуратура Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.01.21 /Кабар/. Кечээ, 20-январда КР башкы прокурорунун орун басары Ж.Жаманбаеванын Өнүгүү үчүн укук боюнча эл аралык уюмунун (IDLO) Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Ф.Хьюстон менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда IDLO уюмунун өкүлдөрү тарабынан “Сотко ишенүү” программасынын экинчи фазасын ишке ашуусу боюнча маалымат берилип, сот отурумдарында аудио жана видеого тартуу каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аталган программанын негизги максаты экендиги белгиленди. Жогоруда белгиленген система сот отурумдарынын жүрүшүн так аныктап, тараптарга электрондук протокол, аудио жана видеофайлдарды алууга мүмкүнчүлүк берет

Башкы прокурордун орун басары тарабынан, мамлекеттин башкы көзөмөл органы менен IDLO уюмунун прокурордук-тергөө кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташтыгы ийгиликтүү болуп жаткандыгы, мындан ары бул багыттагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жылуу кабыл алары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар укуктун үстөмдүгү багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий