• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Башкы прокурордун эки орун басары кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Башкы прокурордун эки орун басары кызматынан бошотулду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Нурлан Камалбекович Дарданов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Нурлан Касымбекович Дюшембиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий