• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткен облусунун аймагына заманбап туристтик тейлөө борборун куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагына заманбап туристтик тейлөө борборун куруу пландалууда. Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев туризмге байланыштуу өткөн кеңешменин отурумунда билдирди.

Туризм департаментинен билдиришкендей, жыйын 17-январда Баткен шаарында өткөн.

Анын жүрүшүндө Миңбаев облустун туристтик дарамети жогору экендигин баса белгилеп, бул багытта ишке ашырылуучу бир катар артыкчылыктуу долбоорлорго колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.

Кеңешменин мүчөлөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ишкерлер тарабынан туристтик долбоорлор презентацияланып, алардын актуалдуулугу, үнөмдүүлүгү жана Баткен жергесинде инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча алдыга коюлган пландар талкууланды.

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев, жергиликтүү жетекчилер жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий