• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде “КамАЗ” 10 жаштагы баланы коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.17 /Кабар/. Баткенде “КамАЗдын” айдоочусу велосипедде бара жаткан 10 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Баткен ИИБнын кызматкери Айсалкын Эргешбай кызы билдирди.

Анын айтымына караганда, жол кырсыгы 20-августта болжол менен саат 17:30 Турмаматов менен Сайдиман Ажы көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жаш бала велосипед менен жолдон өтүп бара жатканда жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Алган жарааттарынан улам бала окуя болгон жерден каза болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күнүнө орточо эсеп менен жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 20 жакыны ар кандай жарааттарды алышат. Жол кырсыгынын санын азайтуу боюнча азырынча тиешелүү органдардын эч кандай чаралар көрүлбөй жатат.

ИИМ билдиргендей, 2017-жылдын башынан бери жол кырсыгынан 300 жакын адам каза болду. Авариянын келип чыгышынын башкы себеби – жол эрежелерин сактабагандыкта.

Пикир

Оставить комментарий