• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде маданий-тарыхый музейдин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Булак айылында 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу аземине президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү тарыхчылар, тургундар катышып, музейдин курулушу тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта туризмди өнүктүрүүгө зор өбөлгө болору белгиленди.

Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен 21,7 млн сом каралган.

Маалымат үчүн: Кара-Булак айылында археологдордун изилдөөсүнө ылайык биздин замандын II-IV кылымдарына таандык “Мыктын Гөрү” көрүстөнү казылган. Аталган көрүстөндө мумияланган келиндин табыты табылган.

Бул тарыхты сактоо үчүн 1984-жылы “Мектеп музей” түзүлгөн. Ал эми 1992-жылы “Элдик музей” наамы ыйгарылган. Элдик музейде 2 миң 885 экспонат бар. Анын ичинен 16 бөлүмү эң байыркы экспонаттар болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий