• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги чек ара чырынан 33 адам набыт болду

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 33 адам набыт болду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын саны 163кө жетти.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий