• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Баткендин айылдарына таза суу системасын тейлөөгө керектүү техникалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Баткендин айылдарына таза суу системасын тейлөөгө керектүү техникалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, техникалар Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айыл аймактарынын, Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын, Лейлек районунун Сумбула жана Бешкент айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө кеңсе жабдуулары жана суу системасын тейлөөгө керектүү шаймандар тапшырылды.

Алар президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана АРИС менен долбоордун өкүлдөрүнүн катышуусунда тапшырылды. Анын ичинде 1 млн 87 миң 578 сомдук кеңсе жабдуулары жана суу системаларын эксплуатациялоого керектүү 3 млн 403 миң 800 сомдук шаймандар бар.

Бул иш аракеттер КР министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан "Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Максаты аймактагы ичүүчү суу менен камсыздоо ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана ичүүчү суу системаларын эксплуатация жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Долбоордун негизинде Баткен облусунун жалпы 43 айылын суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрөт.

Белгиленгендей, долбоор республикалык бюджеттен жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий