• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бажы кызматынын 40 кызматкери квалификациясын жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Түштүк-Батыш бажысынын базасында КР бажы органдарынын кызматкерлери үчүн “Бажы наркын аныктоо жана бажы төлөмдөрү. Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасы. ЕАЭБ ТЭИнин бирдиктүү номенклатурасы. Товарлардын чыккан жери” темасы боюнча курстар өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Окутуунун максаты – КРдин бажы органдарынын кызматкерлеринин квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу. Курстар Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосунда, ошондой эле РФ Бажы академиясынын лектору – Ольга Сокольникованы тартуу менен өткөрүлдү.

Жалпысынан бажы кызматынын 40 кызматкери окуудан өтүп, курсту аяктагандан кийин аларга сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий