• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бекбоо Маматбеков: Электр энергиясына тарифтерди көтөрүү – аргасыз чара

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кечээ президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан 1 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирди.

КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, электр тармактары боюнча эксперт Бекбоо Маматбековдун айтымында, энергетика тармагындагы жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдү билбей туруп электр энергиясына тарифтерди көтөрүүнү талкуулоого болбойт.

“Электр энергиясына рифтерди көтөрүү – бул аргасыз чара. Энергетика тармагындагы каатчылыкты жашоо өзү көрсөтүп жатат. Кыргызстанда энергетикалык тармак чыгашага иштейт жана миллиарддаган карыздар топтолууда. Мындан ары дагы ушундай улана берсе, анда тармакты толугу менен кырсыкка алып келүү коркунучу бар. Тариф маселеси ар дайым оор болуп келген, анткени аны абийирсиз саясатчылар элге жагуу үчүн өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуп келишкен. Салыштырмалуу түрдө айтсак, бүгүнкү күндө ар бир үйдө телефон жана интернетке туташтырылган аппараттар бар. Алардын бары интернетке болжол менен 300 сомдон 500 сомго чейин төлөшөт, мындан эч ким саясат жасабайт. Бирок, тарифтерди аргасыз көтөрүүгө келгенде эле өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн бул теманы чайкаганга аракет кылышат. Ошол эле учурда кыргыз энергетикасынын абалын ичинен өз көзү менен көргөндөр аз. Анда көптөгөн көйгөйлөр топтолгон. Учурдагы тарифтер жабдууларды жана тармактарды тейлөөгө болгон муктаждыктарды жаба албайт”, - деди ал.

Сөзүн улай Бекбоо Маматбетов эл президенттин чечимин туура түшүнүшү керектигин белгиледи.

“Мен экинчи дүйнөлүк согуштан кийин төрөлгөм. Бул өтө оор жылдар болгон. Ошондо мен элдин башын бириктирип, кыйынчылыкка карабай, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштеп, өлкө тезирээк бутуна турушу үчүн бардык аракеттерди жасагандарды көрдүм. Муну менен мен эл ар дайым зарыл чаралар менен саясатты ажырата билиши керек деп айткым келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий