• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Билим берүү министри 12 жылдык окутуу боюнча өзөктүү суроолорго жооп берди

Билим 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 12 жылдык окуу боюнча өзөктүү суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келген.

"Бирок эки жолу Жогорку Кеңеште бул демилге колдоо тапкан эмес. Бул жолу КР президентинин тапшырма талабы менен мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине өтүп жатабыз. Учурда социалдык баракчаларда жазылган кыргызстандыктардын ар андай суроолоруна, терс пикирлерине, кооптонууларына жана ар кандай божомолдоруна жооп берүүнү чечтим", - деп жазган министр.

Төмөндө министрдин билим берүүнү 12 жылга өткөрүү боюнча өзөктүү суроолорго жооптору келтирилет.

1. Окуучулар 19 жашка чейин окуйт экен...

- Андай эмес, мурдагыдай эле окуучулар 16-17 жашында бүтөт, болгону 0 класс деген жоюлуп 1-класс деп аталат. Окуучунунун жашы жогорулабайт, тескерисинче төмөндөйт.

2. 12 жылдык билим берүүгө даярдык жок...

- Даярдык ар бир мектепте бар. Учурда 0 класска 100 минден ашык бала тартылган жана балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800 млн сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 млн 400миң сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо, дээрлик биринчи класска келген 157 миң окуучунун 80%ы даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүү калган 20% бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:

- 2024 -2025-окуу жылы кыска мөөнөттүк балдарды өнүктүрүү кызматына 40 миң бала тартылат.

- 870 мугалим ушул кыска мөөнөттүк бала бакчаларда иштеш үчүн атайын даярдыктан өтүштү жана дагы 4,5 миң адистер квалификациясын жогорулатышат. Ремонттук жана жабдуу иштери Билим берүү министрлиги аркылуу жүрүп жатат. Ар бир ачылган борборлорго балдарды өнүктүрүүчү материалдар, оюнчуктар, оюн аянтчалары жасалып, санитардык шарттарын түзүү иштери жүрүп жатат жана бул ишти ар бир айыл өкмөтү билет. Балдарды өнүктүрүү борборлору жергиликтүү бийлик сунуштаган имараттарда ремонттолуп ачылат.

Учурдагы бала бакчалардын уктоо бөлмөлөрү өнүктүрүүчү бөлмөлөргө айландыруу менен 2024-2025-окуу жылына 60 миң бала тартылуу алдында жана кошумча педагогикалык штаттар бюджеттен каржыланат.

3. Донордун акчасы үчүн жасалган аракет...

- Өзүңүздөр окугандай 12 жылга өтүү учурда донордун каржылоосу жок, бюджеттик каражат менен жүрүп жатат.

4. Билим берүү жана предметтик стандарттары жана китептери даяр эмес...

- Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган Сингапур өлкөсүнүн программаларын жана стандарттарын, окуу китептерин биздин мамлекеттик талаптарга жараша ылайыкташтырылат. Аталган өлкө дүйнөдөгү билим берүү боюнча эң алдыңкы өлкө болуп саналат. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча китептери бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана Президентибиз бул процессти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан, ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот.

5. Мектептер жетпейт....

- Туура, статистика боюнча 10 жылдын ичинде мектептеги балдардын саны дээрлик 500миңге көбөйдү. Ага кошумча ички миграция жана урбанизация процессинин натыйжасында учурдагы шаар жериндеги мектептердеги балдардын саны нормадан жогорулады. Акыркы 3 жылда республика боюнча 216 мектеп салынды. Быйыл 147 мектеп республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ошондой эле өнөктөштөрдүн колдоосу менен салынды. 2023-жылы эле Бишкек шаарында 15 мектеп салынып пайдаланууга берилди. Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектеп менен ири мектептер оптималдаштырылат. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен Чүй областына 46 мектеп анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги айылдарга салынууга титулдук тизме кабыл алынды, а республика боюнча 200дүн тегерегиндеги мектептердин жаңы имараты курулат. Тактап айтканда окуучулардын саны өзгөрбөйт.

6. Мугалимдердин даярдыгы жок, жетишпейт...

- Кыргызстандагы мугалимдерди коштоо, усулдук жардам көрсөтүү, үзгүлтүсүз жана өзүнө ыңгайлуу убакта өз билимин өркүндөтүү үчүн санариптик билим кампасы толукталган ноутбуктар менен камсыздоо башталат. Бул да бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

7. Балдардын баары чет өлкөгө кетмек беле...

- 12 жылдык билим берүүдө мектептерде кесипке багытталган класстар түзүлөт. Табигый математикалык, гуманитардык, технологиялык. Ошондой эле мектептен кошумча жумушчу кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмүнчүлүк жаралат. Эмгек рыногунда атаандаштыка жөндөмдүү болуп чыгышат. Ички жана эл аралык жогорку окуу жайларда айрым предметтердин кайталанбашына шарт түзүлөт. Мектептин жогорку классында билим берүүдө балдардын муктаждыгына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыкталган, адистештирүүгө багытталган билим көндүмдөрдү калыптандыруучу окуу процесси жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий