• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы 4 млн сомдон ашуун дебитордук карызды чогултту

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы "С" Ачык акционердик коомуна "К.С" заводунун мүлк комплекси үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижаралык негизде 1,08 га жер тилкеси Рабочая көчөсүндө берилген.

"Тилекке каршы, 2021-жылдын биринчи кварталын эске алганда, 3 миллион 276 миң 524,84 сом суммасында карыз, ошондой эле 819 миң 131,21 сом өлчөмүндө туум пайда болгон. Карыздын жалпы суммасы 4 миллион 095 миң 656,05 сомду түздү", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу жер реусурстар башкармалыгы карызды өндүрүү үчүн Свердлов сотуна кайрылган.

"Соттун 21-апрелдеги чечими менен жер реусурстар башкармалыгынын доо арызы толугу менен канааттандырылды", - деп кошумчалашты шаардык бийликтен.

Бишкек мэриясы муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүнү суранат.

Эскерте кетсек, бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий