• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек-Ош жолунда 21:00дөн таңкы 06:00 чейин бардык унааларга чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 17.03.18 /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда 21:00дөн таңкы 06:00 чейин бардык унааларга чектөө киргизилет. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Бул чаралар туруксуз аба ырайына, ошондой эле кар көчкү түшүу коркунучуна байланыштуу көрүлүүдө.

Чектөө 17-марттан 20-мартка чейин “Сосновка”, “Арал” жана “Өтмөк” постторунда киргизилет.

ӨКМ жарандарды түнкүсүн Бишкек-Ош жолуна сапарга чыкпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий