• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек шаарында электр энергиясы кадимки режимде берилип жатат – КУЭТ

Экономика 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААК республика боюнча, анын ичинде Бишкекке электр берүүнү штаттык режимде ишке ашырууда.

Компаниянын маалыматына караганда, бүгүн,2-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы абалга байланыштуу электр берүүдө олуттуу бузулуулар катталган жок.

Бекитилген графикке ылайык, борбордук аппараттын жетекчилиги, филиалдардын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү жооптуу адистер нөөмөттө турушат. Ишкананын оперативдик штабы жана дежурный талаа бригадалары күнү-түнү иштешүүдө.

Электр менен камсыздоого байланыштуу суроолор боюнча "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын колл-борбору 24/7 төмөнкү телефондор боюнча иштейт: 105; 1209; +996 772 001209; +996 702 001209; +996 556 001209 (WhatsApp).

Пикир

Оставить комментарий