• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө боюнча депутаттар кеңешүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту айтып чыгышты.

Алар мунун көп суроону жараткан шаардагы азыркы абал менен байланыштуу экенин айтышты. Бирок сессияга калаа башчысы 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүндө болгондуктан катышкан жок.

Учурда анын милдеттерин вице-мэр Бакытбек Дюшембиев аткарууда. Нааразычылыктарын билдирген депутаттар бир чечимге келүү максатында кеңешмеге отурушту.

БШКнын төрагасы Алмаз Кененбаев билдиргендей, бул маселе кабыргасынан коюлуп, бардык фракциялар тарабынан талкууланган. Бирок алар азырынча мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу үн катыша элек.

Пикир

Оставить комментарий