• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек: Ымыркайларды 1 миң доллардан баштап сатышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатууга шектелип кармалгандар аларды 1 миң доллар жана андан жогору бааларга сатышкан. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Азиз Нурбеков билдирди.

Анын пикири боюнча балдарды сатуу сыяктуу мындай кылмышта субъектилер көбүнчө медициналык мекемелердин кызматкерлери жана өздөрүнүн балдарынан баш тарткан төрөгөн аялдар болушат.

“Өзүнүн төрөгөн баласын сатып, акча алган аялдар бул кылмыштын катышуучусу болуп эсептелет. Эгерде апасы өзү баласынан баш тартып, сатууну чечсе, бул кылмыштын уюштуруучусу болуп калышы мүмкүн”, - деди Нурбеков.

Пикир

Оставить комментарий