• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Жактоочу Атамбаев, Текебаев, Зилалиевдерди суракка чакырууну суранды

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча кезектеги отурум өттү. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбылдиевдин жактоочусу КРнын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди суракка чакырууну өтүндү.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча тергөө жүрүп жаткан кезде, Атамбаев бул долбоор боюнча аткаруучуну тандоо жана башка маанилүү чечимдерди өзү кабыл алгандыгы тууралуу саясий билдирүү жасаган.

Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу төмөнкү күбөлөрдөн сурак алуу боюнча өтүнүч келтирди:

- Алмазбек Атамбаев – КРнын мурунку президенти;

- Токон Мамытов – ал кезде вице-премьер-министр болгон;

- Жоомарт Оторбаев – ошол кезде биринчи вице-премьер-министр, өкмөттүн актыларына кол койгон;

- Олег Панкратов – вице-премьер-министр болуп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча жыйындарды өткөргөн;

- Дүйшөнбек Зилалиев – ошол кезде КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы болгон. “Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча өкмөттүн токтом долбоорун даярдаган. Бирок, түшүнүксүз себептерден улам ал токтом долбоору кабыл алынган эмес”, - дейт жактоочу;

- Өмүрбек Текебаев – ратификация жүргүзүү маалында ал ЖК депутаты болгон. Ал айрым бир жагдайларды билиши мүмкүн;

- Улан Примов –депутаттык комиссиянын жетекчиси болгон. Ал бир топ маанилүү жагдайларды билиши ыктымал;

- Акматбек Келдибеков - 2013-жылы Каржы комитетинин төрагасы болгон;

- Евгений Барыкин – Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкери;

- Адыкалык Рустамов – КРнын Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

- Алымбек Эргешов – өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспекторлук иш жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлиги бөлүмүнүн башчысы;

- Лев Васильев – эксперт, тергөө маалында сурак берген;

- Сагынбек Дордоев – “Электр станциялар” ишканасынын директорлор кеңешинин мурунку төрагасы;

Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, Атамбаевге Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупция ишине тиешеси бар деп шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген. Ошол себептен ал күбө катары сурак бере албайт. Прокурор, жактоочунун өтүнүчүн четке кагууну суранды.

Ал эми, сот өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырды. Ал билдиргендей, Атамбаев, Текебаев жана Зилалиевдер күбө катары сурак бере алышпайт. Ал эми калгандарын сотко күбө катары чакырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий