• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын башчысынын жаңы орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп Бакай Осмоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Б.Осмоев Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Миландагы Политехникалык университеттин архитектура боюнча магистр даражасын алган.

15 жылдан ашык долбоорлоо архитектору болуп жеке курулуш компанияларында жана долбоорлоо уюмдарында эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий