• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 12 миңге жакын адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүнкү күнгө карата 12 миңге жакын адам карановируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинде 65 жаштан өткөн жарандар, медиктер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, мамлекеттик кызматчылар жана башка каалоочулар бар.

Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытайдын Sinopfarm кытай өндүрүшүнөн 150 миң доза вакцина алган, анын 30 миң 400 дозасы Бишкек шаарына бөлүнгөн.

Ошондой эле 22-апрелде аталган борбор тарабынан "Гам-Ковид-Вак" (Sputnik V) орусиялык өндүрүшүнөн 20 миң доза алынган, анын 6800 дозасы борбор калаанын тургундарына бөлүнгөн.

“Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 313297 жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:
• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;

• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун №8 ҮМБ - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
•Октябрь районунун №19 ҮМБ- 0709 655 540;

• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ - 64 45 57; 0505 111 330;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы медициналык амбулатория, №13 ҮМБ - 0550 500 845;
• Свердлов районунун ҮМБна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата” медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Свердлов районунун «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №8 ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0551 117 744;
• Биринчи май районундагы №14 ҮМБ “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.

Пикир

Оставить комментарий