• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте 4 миңге жакын абоненттин үйүндө газ 4 күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Бишкекте 4 миңге жакын абоненттин үйүндө газ 4 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкедей, Курманалиев жана Элебесов көчөлөрүндөгү түтүктөрдөн газдын чыгышын четтетүү иштерине байланыштуу “Красный строитель” шаарчасында жана шаардын Сары-Челек, айланма жол, Кыргызская, Логвиненко, Курманалаиев, Зеленая, Новая, Колхозная, Заводская көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө жана Коллективная, Аул, Новосельская көчөсү жана кичи Чүй каналы менен чектелген бөлүгүндө көгүлтүр от 24-27-ноябрь күндөрү жок болот.

Газ 3 миң 920 абоненттин үйүндө өчүрүлөт.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Бишкекгаз” филиалы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий