• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте айым-режиссерлордун II Кинофоруму өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-23-декабрында Бишкекте “Кыргыз айым-режиссерлорунун II Кинофоруму” өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Азия чыгармачыл айымдар” фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астындагы Кинематография Департаментинин жана коомдук ишмер Эмир Сарпашевдин колдоосу менен өтүүдө.

“Быйылкы жылдан тарта форум эл аралык деңгээлге чыгып, коңшу мамлекеттерден чакырылган коноктор күтүлүүдө”,-деп билдириштин форумдун уюштуруучулары.

Маалыматка ылайык, быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жаткан маданий иш-чара эки күнгө созулат.

Биринчи күнү (22-декабрда) тегерек үстөл үстүндө баарлашуу болуп, белгилүү ишмер жана чыгармачыл адамдар менен пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу күтүлөт. Өтө турчу жери: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 13 (Ч.Айтматов атындагы Кино Үйү ). Кирүү акысыз.

Экинчи күнү (23-декабрда) кинофорумдун катышуучуларынын тасмалары тартууланат. Тасмалар көрсөтүлгөн соң, режиссерлор менен көрүүчүлөр арасында суроо-жооп болмокчу. Өтө турган жери: Бишкек шаары, Огонбаева 242 (К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы). Кирүү акысыз.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 17-декабрында “Азия чыгармачыл айымдар” фонду Кыргызстанда биринчи ирет айым режиссерлорду колдоп, башын бириктирүү максатында “Кыргыз айым-режиссерлорунун биринчи Кинофоруму” аталышындагы форум өткөргөн.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият, ошондой эле Кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата өткөрүлүп, форумда 15ке жакын айым-режиссерлордун кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий