• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте бир жума ичинде 66 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 18-июндан 24-июнга чейин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан 5 миң 691 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Аталган кызматтан билдиришкендей, алардын ичинен:
- Мас абалында автоунаа башкаруу - 66 айдоочу;
- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 7;
- Айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 48;
- Авто ээнбаштык - 2;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 5 568.

Ар кандай бузуулар үчүн 428 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий