• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилке уюштурулууда

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкекте биринчи жолу коомдук транспорт үчүн атайын тилке даярдалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тилке 12-кичи районундагы Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө уюштурулууда.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Транспорт департаменти тарабынан бөлүнгөн тилкелердин чийиндерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жол иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.

Мэриядан белгилешкендей, тилке тыгынды азайтуу жана коомдук транспорт үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү үчүн бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бирок бул тилкеде буга чейин унаа тыгындары орун алып келген. Эми коомдук транспорт үчүн атайын тилкенин пайда болушу менен, башка унаалар өтүүчү жол ичкерип, тыгындар мындан дагы күчөбөйбү деген суроо жаралат. Жолдогу абалдын кандай болору сентябрь айында окуу жылы башталгандан соң билинет.

Пикир

Оставить комментарий