• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген 22 жаштагы студент кыз каза болду

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген 22 жаштагы студент кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Медициналык академиянын 5-курсунун М.А., аттуу студенти «Discoveri» мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда ыктыярчы-медик (медайым) болуп иштеп жүргөн.

«2020-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 19:45те анын абалы кескин түрдө начарлап, титирей баштаган. Жүрөк реанимация ыкмасы жасалган, бирок ага карабастан саат 20:45те каза болуп калган. Кесиптештеринин айтуусуна караганда, мурда-кийин ден соолугуна даттанган эмес. Маркумдун сөөгү союлду. Алдын ала маалыматка караганда, кыздын өлүмүнө эки тараптуу пневмония себеп болушу ыктымал. Соттук-медициналык иликтөөдөн кийин акыркы диагноз коюлат. КР Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун жакындарына жана бирге окуган студенттерге терең кайгыруу менен көңүл айтат», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий