• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте калаадагы көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Бишкекте турак жай-коммуналдык чарба, күйүүчү май-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын отуруму өттү. Күн тартибине ылайык, борбордун вице-мэрлеринин, шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда сегиз маселе каралды.

Отурумдун жүрүшүндө жер, жолдорду, канализациялык түйүндөрдү жана башкаларды реконструкциялоо маселелери талкууланды.

Отурумдун жүрүшүндө “Бишкексвет” ишканасынын жаңы башчысы Жумамүдүн Жумалиев тааныштырылды. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-августунда милдеттерине киришкен.

Ал тышкы жарыктандыруу бөлүгүндө реконструкциялоо жана жаңычылдык киргизүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков жаңы башчыдан окуу жайлардын жанындагы экинчи даражадагы жолдорду жана көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерине көңүл буруусун суранды.

“Биз жарыктандыруунун көлөмүн көбөйтүшүбүз зарыл, шаар жарык болушу керек. Акыркы жылдары көптөгөн сейил бак аймактары жарыктандырыла баштаганы кубандырат”, - деди Салымбеков.

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын бюджети быйыл 200 миллион сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий