• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министрлиги аялдарды иш менен камсыздоого көмөктөшүү кызматтарын жакшыртууда

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Сокулук районунда аялдардын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш берүү күнүн өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Жылдыз Полотова жана министрликтин кызматкерлери жумушсуз аялдарга ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, бош жумуш орундар, кесиптик билим берүү, коомдук акы төлөнүүчү жумуштар жана социалдык жардамдар боюнча маалыматтар менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти.

"Бүгүнкү иш-чара Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик билим берүү” долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Биз өнөктөштөр менен биргеликте 7 пилоттук райондордо жана шаарларда аялдарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарын жакшыртуу, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында, иштелип чыккан жаңы активдүү иш чараны пилоттон өткөзүп, жалпы республика боюнча жайылтуу астында турат" - деп белгиледи Полотова.

Иш-чарага Шопоков шаарынын мэри А. Бекболотов жана 20дан ашык алдыңкы компаниялар, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып, аялдардын ар тараптуу өнүгүүсү боюнча ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлор менен тааныштырышты.

Пикир

Оставить комментарий