• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан адамдын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 47 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси 30-ноябрда саат 12:40та табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн кудуктан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий