• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кара-Суу районунда өрттөн 61 жаштагы адам каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кара-Суу районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу району Мөнөк айылы Б.Рыскулов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:43дө Кара-Суу райондук №102 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бирдик тартылган. Өрт саат 09:04дө чектөөгө алынып, 09:27де өрт толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий