• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сууга чөккөн 11 жаштагы баланын сөөгү 2 күндөн кийин табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Чоң Чүй каналынан 11 жаштагы баланын сөөгү табылды.

ӨКМден кабарлашкандай, куткаруу иштерине 10 суучул жана 25 куткаруучу тартылган, издөө иштери эки күн жүргөн. Баланын сөөгү бүгүн, 4-июнда таңкы саат 08:35тер чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, 2-июнда Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына 11 жаштагы бала чөгүп кеткен. Окуя тууралуу билдирүү 2-июнда келип түшүп, издөө иштери саат 16:29дан тарта башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланган.

Белгилей кетсек, бул акыркы 10 күндүн ичинде сууга чөккөн үчүнчү окуя. 26-майда Сокулук районунда көлмөгө 12 жаштагы бала түшүп кеткен. Ал эми 28-майда жети жаштагы бала Жалал-Абад облусунун Сокулук районундагы Көк-Арт дарыясына түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий