• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-чех мамилелерин өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде кечээ, министрдин 1-орун басары Динара Кемелованын Чехия Республикасынын ТИМ Атайын өкүлү, элчи Штефан Фюле жетектеген чех делегациясы менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык уюмдар алкагында эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги байланыштардын өсүшү белгиленди. Ошондой эле, кыргыз-чех мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий