• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте "Мектеп лигасы" уланууда

Спорт 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында спорттун 11 түрү боюнча “Мектеп лигасы” уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

"Мектеп лигасы" программасынын алкагында өспүрүмдөр спорт мектебинин спорттук базасында жана "Диалог" балдар борборунда балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп, ага Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерден жана гимназиялардан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында уландар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

1-орунду №6 автордук окуу-тарбиялык комплексинин командасы;
2-орунду №62 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы;
3-орунду №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин командасы;

Ал эми кыздар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй:

1-орун №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси;
2-орун №67 окуу-тарбиялык комплекси;
3-орун №70 мектеп гимназиясы.

Спорттук программанын негизги максаты - Бишкек шаарында жаштардын спортун мындан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларын спорттун түрлөрүнө тартуу, аларды адистештирилген спорттук мектептерде андан ары даярдоо үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо, мектептердин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий