• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкери велосипедчен адамды коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-июль күнү Бишкекте болжол менен саат 11:15те Daewoo Nexia унаасын башкарган милиция кызматкери велосипедчен адамды коюп кетти.

"Кабар" агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришкендей, жол кырсыгы Жибек-Жолу менен Коммунар көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Н.Б., аттуу кызматкери 17 жаштагы А.А., аттуу велосипедчини сүзгөн. Жол кырсыгынан улам ал №4 шаардык ооруканасына жеткирилген.

Унаа айып токтотуучу жайына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий