Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкекте балдар жана жаштар арасында муз үстүндө бийлөө боюнча Шаардык биринчилик старт алды.
Турнир 23-24-апрель аралыгында Бишкектеги Шаардык муз аянтында өтөт.
Биринчиликке 40тан ашык спортчу катышат – алар балдар, жаштар, 18 жаштагы жана андан жогоркулар.
Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргызстандын коньки тебүү федерациясы уюштурууда.
Пикир
Оставить комментарий