Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 09:00дө башталды. Ал эми саат 13:00дөн баштап улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.
Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Маалымат менен кененирээк бул жерден тааныша аласыздар.
Пикир
Оставить комментарий