• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте спринтер унаасы электр мамычасын сүзүп, 18 жаштагы айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бишкекте рулду башкара албай калган Mercedes Benz үлгүсүндөгү спринтер унаасынын 18 жаштагы айдоочусу каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Шабдан Баатыр проспектинде спринтер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, электр мамычаны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы айдоочу каза болуп, 19 жаштагы жигит жабыркаган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий