• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте жылуулук суу түтүктөрүн күз-кыш мезгилине карата даярдоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/.Бишкекте жылуулук суу түтүктөрүн күз-кыш мезгилине карата даярдоо уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан “Горбольница” отканасынан Т.Сатылганов атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына чейин жылуулук суу түтүктөрү жаңыланды. Ишкана тарабынан диаметри 40, 76, 100 мм болгон, 382 метр борбордук жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу түтүктөрү алмаштырылды.

Иштер аяктагандан кийин, 110 чарчы метр бузулган асфальт төшөлүп калыбына келтирилди. Ошондой эле “Горбольница” отканасынын өзүндө да учурда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал жерде косметикалык оңдоо жана отканаларды, жөнгө салуучу бекиткичтерди жана коопсуздук шаймандарды, ХВО насосторду, электр кыймылдаткыч насосторду, түтүн соргучтарды, вентиляторлорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ишкана коммуналдык кызмат көрсөткөн абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттык сактоо объектиси, 40 жалпы билим берүүчү мектеп, 14 бала бакча, 8 ЖОЖ, 25 башка бюджеттик мекеме жана 212 башка керектөөчүлөр бар.

Белгилей кетсек, ишкана шаардын батыш бөлүгүн тейлейт: Жал кичирайону, Белгород, Аскер шаарчасы жана Совмин шаарчасы.

Пикир

Оставить комментарий