• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жылына 2-3 мектеп курулат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте жыл сайын 2-3 мектеп курулат. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептердин курулушу боюнча эл аралык донорлор жана Азия өнүктүрүү банкы менен кол коюлган долбоорлор бар.

Учурда калаада 96 муниципиалдык мектеп жана 84 мектепке чейинки мекеме бар.

“Шаардыктардын муктаждыгын камсыз кылуу максатында калаада жылына 2-3 мектеп курулат. Ошондой эле мектепке чейинки мекемелерди куруу каралган. Жыйынтыгында шаарда 2020-жылга чейин 103-105 мектеп жини 90дон ашуун муниципиалдык бала бакча ишке кирет”,-деди Ибраимов.

Пикир

Оставить комментарий