• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектин 6-кичирайонундагы стадиондун ордуна үй курууга каршы митинг. Мэрия окуяны тактоодо

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын 6-кичирайонундагы кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу үйдүн курулушуна байланыштуу маселени териштирүүдө.

“Кабар” агенттигинин редакциясына 6-кичирайонунун жашоочулары балдар ойногон кичи стадиондун ордуна көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча көйгөйдү чагылдырып берүүгө жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Алардын маалыматына ылайык, компания курулуш техникаларын алып келип, №13,14,15 жана 16 үйлөрдүн ортосунда курулуш иштерин баштоого ниеттенүүдө. Бул үйлөрдүн жашоочулары аталган курулушка каршы митингге чыгышкан.

“Бул жаңы курулуштар түшпөгөн Бишкектин жалгыз кичирайону. Азыр ал жакта ар күнү күрөш жүрүп жатат, жашоочулар өз укуктарына таянып, ар кайсы органдарга бир канча кайрылууларды жазышты. Курулуш компания жашоочулар макул болбоо менен кол тамгаларды чогултуп жатканына карабай экскаваторлорун алып келип алышты”, - деп жазышууда окурмандар.

Бишкек шаардык мэриясы тактоо үчүн окуя болгон жерге өздөрүнүн адистерин жөнөтүшкөнүн белгиледи. “Мэрия дайыма эл тарапта жана мыйзам тарапта болуп келген”, - деди Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыров.

Пикир

Оставить комментарий