• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин бир катар райондорунда 4 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкектин бир катар райондорунда 4 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, газ түтүктөрүндөгү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү райондорго жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:

  • 14-марттан 16-мартка чейин Шевченко, Фрунзе, Үмөталиев, Жибек-Жолу көчөлөрү менен чектелген районго;
  • 14-марттан 17-мартка чейин №12 кичирайонго.

Оңдоо иштери коопсуздукту камсыздоо жана жабдыктардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий