• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Борбордо оңдоо иштерине байланыштуу эки көчө жабылат

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча 3-апрелден тарта оңдоо иштерине байланыштуу дагы эки жол жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын 15-июнуна чейин Ч.Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Масалиевге чейинки бөлүгү жабылат. Бул тилкеде жолду оңдоо, жол белгилерин орнотуу иштери жүрөт. Оңдолуучу жолдун узундугу 2,8 км.

Ошондой эле Достоевский көчөсүнүн Анкарадан Лев Толстойго чейинки бөлүгү жабык болот. Бул тилкеде дагы асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин, аялдамаларды орнотуу иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна чейин аяктоо пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий