• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Боронов: Өкмөт ички каттамдарды аткаруу үчүн эки учак сатып алат

Коом 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Өкмөт ички каттамдарды аткаруу үчүн эки учак сатып алат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учактын үлгүсү жана суммасы азырынча такталууда. Эки айдын аралыгында бир чечим болот.

Эске салсак, аталган комитеттин жыйынында "Эйр Кыргызстан" компаниясынын абалы талкууланды.

Ал эми Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиев айтуусунда, заманбап учактардын жоктугунан улам "Эйр Кыргызстандын" абалы оор бойдон калууда.

Анын айтымына караганда, "Эйр Кыргыстандын" болгону 4 транспорт каражаты бар. Экөө колдонулбай токтотмодо турат.

"Учактын бири кыймылдаткычы оӊдоп-түзөөнү талап кылып, 2017-жылдын ноябрынан бери токтотмодо турат. Ал эми экинчи учак болсо лизинг төлөмдөрүнө төлөөгө каражат жоктугуна байланыштуу ижарага берилген. Ижарадан түшкөн каражаттын баары лизинг төлөмдөрүнө жумшалат", – деди Түлөбердиев.

Мындан сырткары, Түлөбердиев аба учактары паркын жаӊылоого каражат жоктугу башкы көйгөй болуп жаткандыгын, ошондой эле май менен камсыздагандарга карыздар бар экенин маалымдады. 2018-жылдын 9 айында кредиттик карыздар 323 млн сомду түзсө, дивиденддер боюнча карыз 4 млн 400 сом болгон.

Пикир

Оставить комментарий