• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Боронов: Саламаттык сактоо мекемелерин санариптештирүүгө өткөрүү процессин тездетүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо мекемелерин санариптештирүүгө өткөрүү процессин тездетүү керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Буга чейин саламаттык сактоонун Бирдиктүү маалыматтык системасынын толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү министрликтин материалдык-техникалык базасы чыңдалган.

Белгилүү болгондой, бейтаптын электрондук медициналык картасы, амбулатордук электрондук медициналык карта, электрондук жеңилдетилген рецепт, дарыгерге электрондук жазылуу, клиникалык-маалыматтык форманын амбулатордук программалык камсыздоо, медициналык күбөлүк сыяктуу автоматташтырылган системалар онлайн режимде иштей баштады.

«Учурда бир катар справкаларды «Түндүк» системасы аркылуу берүү иштелип жатат, мисалы бир катар медициналык күбөлүктөр берилүүдө. Ошондой эле 60 ооруканада электрондук медкарталар иштеп жатат, аймактарда да акырындап киргизиле баштады. Пандемия маалында саламаттык сактоо чөйрөсүндө бейтаптар боюнча маалыматтарды тезинен иштеп чыгып, мониторинг жүргүзүүдө көйгөйлөр чыкты. Ошондуктан Саламаттык сактоо министринин маалыматтык иштер боюнча министрдин орун басары кызматы киргизилди. Учурда Өкмөт тарабынан порталдарды өркүңдөтүү, бирдиктүү маалыматтар базасын толук кандуу ишке киргизүү жана башка бир катар кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүү иштерин аягына чыгаруу көздөлүп жатат», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий