• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

БШК 15 млн сомго жеке коргонуу каражаттарын сатып алат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. КРнын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма – 15 млн 41 миң сом. Сынактык арыздарды берүү мөөнөтү – 30 март.

1 млн 170 миң сомго – санитайзер, 3 млн сомго – төрт кабаттуу бир жолу колдонулуучу бет кап, 1 млн 585 мин сомго – респитатор, 1 млн 806 миң сомго – кол кап, 4 млн 950 миң сомго – тилкелик шайлоо комиссиянын мүчөлөрү үчүн кийимдер, 1 млн 680 миң сомго шайлоочулар үчүн спирттүү кол аарчылар сатылып алынат.

Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий