• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Баткен облусунун социалдык муктаждыктарына 1,87 млрд сом бөлүнгөн

Аймак 0

Бишкек, 25.09.22./Кабар/. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарына эвакуацияланган Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында министр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 80 тонна ун министрлик аркылуу Баткен облусуна, анын ичинен 30 тоннасы Баткен шаарына бөлүнөрүн билдирди.

Кудайберген Базарбаев ошондой эле жыл башынан бери министрлик тарабынан облустун социалдык муктаждыктарына 1 млрд 87 млн ​​сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

«Мындан тышкары, сентябрь айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 млн бөлүнгөн", - дейт министр.

Кудайберген Базарбаев Интернационал айылынын тургундары менен жолугушуп, аларга гуманитардык жардам тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий