• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Былтыр милиция кызматкерлерине каршы 67 кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. 2018-жылы милиция кызматкерлерине каршы 67 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле, былтыр 83 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, камалган.

Өткөн жылы жалпысынан мыйзамдуулукту жана тартипти бузган 5811 кызматкер аныкталып, жаза алышкан.

Алардын ичинен 155 кызматкер ички иштер органдарынан айдалып, ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулган.

ИИМ пара алган, кылмышты жашырган, коррупциялык иштерге барган милиция кызматкерлерден арылуу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий