• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда мектептердеги соцкызматкерлердин маянасын көтөрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда мектептердеги социалдык кызматкерлердин маянасын көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу тегерек столдо президенттин администрациясынын өкүлү, балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин айрым мектептеринде балдар психологунун ролун бир нече мугалим аткарган күндө дагы алардын жетишсиздиги чоң. Мындан тышкары, социалдык кызматкерлер психологиялык көйгөй маселеси алардын негизги багыты болбогондуктан экинчи даражадагы көйгөй катары чечишет.

“Социалдык кызматкердин ролун мугалимдер өздөрү аткарышат. Алар балдарды окуткан негизги сабагы бар болгондуктан психологдун ишине азыраак убакыт бөлүнөт. Буга байланыштуу социалдык кызматкерлерди үйрөтүп, айлык маяналарын көтөрүү жана алардын жумушун толук кандуу иш катары кароо максатында Билим берүү министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз”, - деди Рысбекова.

Пикир

Оставить комментарий