• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эксперт ЖОЖдордогу бардык коммерциялык факультеттерди кыскартууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы координациялык кеңештин мүчөсү, билим берүү жаатындагы эксперт Анара Дауталиева КРнын жогорку окуу жайларындагы бардык коммерциялык факультеттерди кыскартууну сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрушүндө билдирди.

Эксперт Улуттук университетте 21 коммерциялык факультет бар экенин, анда медиктер дагы окуша турганын эске салды.

“Өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке ЖОЖдордун лицензияларын кайра карап чыгуу зарыл. Комиссия тартуу менен тыкыр анализ жүргүзүп, бардык ЖОЖдор кайра лицензия ала тургандай кылыш керек, андан кийин кээ бир кыска мөөнөттүү курстарды даярдоо жана башка”, - деди эксперт.

Ал мындай ыкма өлкөдө билим берүү тутумун жакшыртууга жардам берет деп эсептейт.

“Биздин коом, аны менен кошо билим берүү дегредацияланып бара жатат. Бул боюнча бир нерсе кылыш керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий